Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 мая 2024 года № 246 "Об утверждении нормативных правовых актов по аккредитации в сфере образования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-05-15.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-июну № 289 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык) Билим берүү уюмдарын өзгөчө кырдал/өзгөчө абал режими шартында аккредитациялоо маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда Агенттик тарабынан төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга жол берилет:
- мурунку аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 6 айдан ашык эмес мөөнөткө узартуу жөнүндө;
- аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү 6 айдан ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө;
- Агенттик тарабынан аныкталган тартипте дистанттык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө.".
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 "Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын:
"171. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында же ал жеткис күчтүн жагдайлары жаралганда аккредитациялоо жөнүндө сертификат бербестен, мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн 1 жылга шарттуу узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга жол берилет. Мурдагы аккредитациялоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим билим берүү уюмунун арызынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечими менен кабыл алынат.".
4. Ушул токтом 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 "Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2024 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтому менен бекитилген)Порядок · 29.09.2015 · № 670 · Күчүн жоготкон
- "Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо" ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы №…Порядок · 16.06.2017 · № 381 · Күчүн жоготкон
- Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Порядок · 30.03.2020 · № 189 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 246 "Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2024 · № 246
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.09.2015 · № 670 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 " Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2020 · № 189 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 381 "Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана Негизги…Постановление · 16.06.2017 · № 381 · Күчүн жоготкон