Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 16-январы № 10 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Социалдык колдоого муктаж категориядагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 68-беренесинин 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды жүзөгө ашырып турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абдылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон