# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157555>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/157555/edition/1015912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157555.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157555

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-августу № 457 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен камсыз кылуу жагынан "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук жолдомолорду сатып алуу үчүн каражаттарды социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын бөлүп турсун.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган райондук, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен өз учурунда камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Премьер-министр | А.Атамбаев |
