# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 421
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20401/edition/1013962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157548

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-августу № 421 Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасында электр байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногун натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилет атаандаштыктын негизинде инфраструктураны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66(3138) жарыяланды

Премьер-министр

К.А. Боронов
