Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 „Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 6-августу № 412 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө эмгектенүү тартибин өркүндөтүү максатында, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"QR код - машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт; иштөөгө электрондук уруксат - квалификацияланган электрондук кол тамга коюлган, Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштөөгө берилген уруксаттын статусуна теңештирилген, ушул Жобого ылайык электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, тез таасир көрүү үчүн атайын окулуучу QR-коду бар документтик ырастама.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында аталган арызды жана документтерди арыз берүүчү өзү же ишенимдүү өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берет. Арыз жана документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Комиссиянын курамына миграция жаатындагы; калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо жаатындагы; ички иштер жана улуттук коопсуздук жаатындагы; экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы; инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын бирден өкүлү кирет.";
- 16-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Комиссия тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына Комиссиянын чечимин жайгаштырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы "Иш берүүчү" деген сөздөрдөн кийин "баш тартылган учурда" деген сөздөр толукталсын;
- 17-пунктундагы "бир календардык жылдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жумушчунун иштегенге уруксатын ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча чыгарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-глава жана 291 - 296-пункттар менен толукталсын:
"31-глава. Иштөөгө электрондук уруксатты берүү тартибин жана шарттары
291. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштөөгө электрондук уруксатты алуу үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарына көрсөтүлгөн арызды жана документтерди берет.
292. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер адамдын графикалык кол тамгасынын, мөөрдүн, бланктын бурчтук штампынын, документтеги даталардын аныктыгынын бардык аутенттүү белгилеринин сакталышын камсыз кылган Portable Document Format (PDF) форматында сканерленүүгө тийиш. Сканерленген документтер электрондук кол тамга менен жиберилет.
293. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында көрсөтүлгөн документтер берилгенде, ушул Жобонун талаптарына шайкеш келерин эки жумуш күндүн ичинде текшерет. Каталар жана дал келбөөлөр аныкталган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчуга каталарды оңдоо зарылдыгы тууралуу дароо электрондук маалымат жиберилет жана өтүнүч толуктап иштеп чыгып, кайтадан тапшыруу үчүн кайтарылат.
294. Ыйгарым укуктуу орган электрондук документтердин толук комплектте алган учурда иш берүүчүгө/чет өлкөлүк жумушчунун электрондук почта даректерине эки жумуш күндүн аралыгында электрондук документтердин алынгандыгы жазылган өзгөчө номер камтылган билдирүү жиберет.
295. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу ушул Жобонун 294-пунктунда көрсөтүлгөн уникалдуу номерди, ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында киргизген учурда электрондук документтердин өтүшү тууралуу маалыматты ала алат.
296. Иш берүүчү/чет өлкөлүк жумушчу иштегенге электрондук уруксат алгандан кийин, зарылдыгына жараша аны басып чыгарат. Иштөөгө электрондук уруксат чет өлкөлүк жумушчу паспортун көрсөткөн учурда жарактуу.";
- 30-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- эгерде иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу квотасын алуу учурунда жалган маалымат берсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иш жүргүзсө;"; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- иш берүүчү тарабынан тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса.";
- 31-пунктунда:
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "- тышкы миграция жана салык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы аракеттер жасалса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүсүн же жеке ишкердик менен алектенүүсүн токтотсо.";
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
К.А. Боронов
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси
Форма Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөгө уруксатынын СҮРӨТТӨМӨСҮ Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга иштөөгө берилүүчү уруксаттын бланкы (мындан ары - уруксат бланкы) бурчтары тегеректелген 80 мм х 120 мм өлчөмүндөгү чаптама карточка болуп саналат, мамлекеттик жана англис тилдеринде уруксаттын ээси тууралуу маалымат жазылган алдыңкы жана арткы бети бар. Алдыңкы бетинде төмөнкүдөй текст жазылган: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ KYRGYZ REPUBLIC Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ XX № ХХХХХХ", андан ары баш тамгалар менен мамлекеттик тилде миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы жазылат. Уруксаттын ээси тууралуу маалымат камтылган бетинде төмөнкүдөй текст жазылат: "Толук аты-жөнү/ФИО/FuIl name Жарандыгы/Гражданство/Citizenship Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth Жынысы/Пол/Sex Паспортунун №/№ Паспорта/Passport № Иштеген жери/Место работы/Place of work Кызмат орду/Должность/Position Бөлүм башчы/Заведующий отделом/Head of the Department Колу/Подпись/Signature Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue Аяктоо датасы/Дата окончания/Expiration date". Уруксаттын бланкы мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо учурунда колдонулган жана жасалмалоодон өзгөчө коргоону талап кылган коргоо элементтери бар атайын кагазда басылат. Уруксаттын бланкынын эки тарабы тең кооздолгон айырмалоочу өзгөчөлүккө ээ. Тексттер түзүнөн, сүрөт элементтери тикесинен жайгашкан: орнамент - сол тарабында жана торчолуу тилке - оң тарабында. Уруксат бланкынын эки бетинин тең борбордук бөлүгүнө торчолуу кооздук түшүрүлүп, анын ортосунда тегиз чачыраган тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Тегиз чачыраган тегерек күн нурларын айланта "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген сөздөр жазылган. Торчолуу алкактын алдыңкы тарабындагы тилкенин жогорку бөлүгүнө "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "KYRGYZ REPUBLIC" (кириллица жана латын алфавиттери менен) жазуулары түшүрүлүп, алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнүн төмөн жагына кара түстө "Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ" деген сөздөр басылган. Уруксат бланкынын алдыңкы тарабынын төмөнкү бөлүгүнө мамлекеттик тилде миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы кара түстө басылган. Уруксат бланкынын оң жактагы төмөнкү бурчуна алтын түстөгү кыргыз орнаменти түшүрүлгөн. Иштөөгө уруксаттын номери алдыңкы жана арткы беттерине жазылат жана эки компоненттен турат: эки латын тамгасынан турган (XX) сериялык номерден жана алты цифрадан. Уруксаттын ээси тууралуу маалымат жазылган беттин сол жактагы жогорку бурчуна 30 мм х 40 мм өлчөмүндөгү түстүү фотография үчүн ак түстөгү бош тик бурчтук тартылган.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иштөөгө уруксатынын үлгүсү
Алдыңкы бети
ГЕРБ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
KYRGYZ REPUBLIC
Чет өлкөнүн жаранынын же жарандыгы жок адамдын
ИШТӨӨГӨ УРУКСАТЫ
Сүрөт/Photo
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
XX № ХХХХХХ
Арткы бети
XX № ХХХХХХ
_________________________________________________________
_________________________________________________________
_________________________________________________________
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name
_________________________________________________________
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship
____________/___________/____________ ________________
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth Жынысы/Пол/Sex
_________________________________________________________
Паспортунун №/№ паспорта/Passport №
Иштеген жери/Место работы/Place of work _________________________________________________
Кызмат орду/Должность/Position _________________________________________________
Бөлүм башчы/Заведующий отделом/Head of the Department _________________________________
Колу/Подпись/Signature
Берилген датасы/Дата выдачи Аяктоо датасы/Дата окончания
Date of issue ______/______/__________ Expiration date _______/______/_______
".
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси
Форма
Герб
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ
ГОСУДАРСТВЕННАЯ СЛУЖБА МИГРАЦИИ ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
STATE MIGRATION SERVICE UNDER THE GOVERNMENT OF THE KYRGYZ REPUBLIC
Иштөөгө электрондук уруксаты/Электронное разрешение на работу/E-work permit
Сүрөт/Фото/Photo
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name:
XXXXXXXXXXX
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship:
XXXXXXXXXXX
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth:
XX/XX/XXXX
Жынысы/Пол/Sex
XXXXXXXXXXX
Паспортунун номери/Номер паспорта/Number of passport:
XX/XXXXXX
Иштеген жери/Место работы/Plасе of work
XXXXXXXXXXX
Кызмат орду/Должность/Position
XXXXXXXXXXX
Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue:
XX/XX/XXXX
Аяктоо датасы/Дата окончания/Expiration date:
XX/XX/XXXX
Уруксаттын номери: XXXXXX
Номер разрешения:
Number of permit:
QR код
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Положение · 16.04.2019 · № 175
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча иштин тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жыл дын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна)Положение · 16.04.2019 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралы № 49 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат…Постановление · 01.02.2025 · № 49
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2019 · № 175
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралы № 49 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат…Постановление · 01.02.2025 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон