# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрели № 203 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрели № 203 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20367/edition/1256715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-апрели № 203 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө " токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157508

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-апрели № 203 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренесинде:

а) 2-бөлүгүндөгү "20 пайызга чейин" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндөгү "20 пайызга чейинки өлчөмдө" деген сөздөр "20 пайыз өлчөмүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "өзгөчө кырдаалдардын (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу жана (же) жоюу)" деген сөздөр "өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу (күчөтүлгөн даярдык режиминде) жана (же) өзгөчө кырдаалдардын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
