# Постановление Правительства КР от 15 мая 2020 года № 253 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20360/edition/1257771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 15 мая 2020 года № 253 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")" (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157501

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 15-майы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 72-статьясынын 3-пунктунда:

биринчи абзац ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзац ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзац ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 15-статьясында:

2-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын.

- 16-статьясында:

1-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү ", мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып салуу учурларын кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
