Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-февралы № 54 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык) Саламаттык сактоо жаатындагы адистерди даярдоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ординатура жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Медициналык тез жардам" адистиги боюнча - 2 жылдан кем эмес;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:
"161. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ординатурага билим берүү уюмунан алган базалык адистигине тиешелүү болгон гана адистиктер боюнча тапшырууга укуктуу.";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Ординаторду даярдоо билим берүү уюмунун же илимий-изилдөө уюмунун буйругу менен дайындалуучу клиникалык жетекчинин жана клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмунан клиникалык насаатчынын жетекчилиги жана контролу алдында жүргүзүлөт.";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Ординатурада даярдыктан өтүү убактысы адистиги боюнча стажына, ошондой эле жалпы эмгек стажына кошулат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 182 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 токтому менен бекитилген) Клиникалык ординатура жөнүндө ЖОБОПоложение · 31.07.2007 · № 303
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен…Положение · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-сентябрындагы № 303 Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки медициналык билим берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.07.2007 · № 303
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону…Постановление · 01.07.2014 · № 362
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон