# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20353/edition/1185559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157492

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-февралы № 111 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомунун редакциясына ылайык)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин натыйжалуу жайылтуу жана институттук базасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:".

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-мартындагы № 28(3100) жарыяланды

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
