# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20344/edition/1001073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (16.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157480

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 16-марты № 158 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Калкты медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин бекитүү жөнүндө"; 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесинде:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси"

- төмөнкүдөй мазмундагы 128-1-сап менен толукталсын:

"

1281

6307 90 980 0(\*)

Башка даяр буюмдар, кийимдин үлгүсүн кошо

";

- жогоруда аталган Тизмеге эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:

"6307 90 980 0 - медициналык максаттар үчүн.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
