# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20338/edition/1027788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (03.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157474

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-февралы № 55 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына берилген маалымат террористтик ишке катышкан адамдарды кармоого же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келгендиги үчүн акчалай сыйакы төлөөнүн негиздери, өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жобого ылайык эсептелген акчалай сыйакы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам издөө ишин жүргүзүүгө тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төлөнсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 (3095) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
