# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20332/edition/1001829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (03.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157465

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-февралы № 53 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин актуалдуулук предметине инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 "Кыргызстан Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы "Кыргызстан Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 23-февралындагы № 78 "Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 токтому менен бекитилген Кыргызстан Республикасынын Сот жана юстиция мекемелерин өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-ноябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 7-майындагы № 193 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 558 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы Указын жүзөгө ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 409 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелерин каржылоонун ыкмаларын өзгөртүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
