# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 50 "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 50 "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20330/edition/1114729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 50 "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (03.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157462

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-февралы № 50 Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында куралдын жана ок-дарылардын, ага тете жарылма заттардын жана жардыргыч түзүлүштөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу боюнча иштерди өркүндөтүү максатында, "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 291-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу республикалык бюджеттен тиешелүү жылга каралган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каражаттарынын чегинде жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ушул токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 32 "Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
