# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-январындагы № 37 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-январындагы № 37 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20318/edition/1283137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-январындагы № 37 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157447

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 28-январы № 37 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:

"жеке үй чарбаларды электрондук эсепке алуу китеби - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан айыл аймагынын жана шаардын аймагындагы жеке үй чарбалар боюнча маалыматты түзүү үчүн электрондук эсепке алуу китеби, аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";

2) 41-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"32) шаардын аймагындагы жеке үй чарбаларды эсепке алуунун электрондук китебин жүргүзөт;";

3) 47-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 94-пункт менен толукталсын:

"94) айыл аймагындагы жеке үй чарбаларды эсепке алуунун электрондук китебин жүргүзөт;". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

Президент Кыргызской Республики
