# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 35 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 35 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20317/edition/996459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 35 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157446

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 27-январы № 35 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-беренесинде:

а) 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими белгилениши мүмкүн (библиографиялык маалымдамалар, телефон китептери, дарек китептери, жеке кулактандыруулары ж.б.). Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, ыкчам-издөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.

6. Жеке маалыматтардын субъектисинин өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "өлгөн" деген статус ыйгарылат. Өлгөн субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.";

в) 7-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул берененин 1-бөлүгүнөн тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики
