Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 27-январы № 35 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-беренесинде:
а) 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими белгилениши мүмкүн (библиографиялык маалымдамалар, телефон китептери, дарек китептери, жеке кулактандыруулары ж.б.). Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, ыкчам-издөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.
6. Жеке маалыматтардын субъектисинин өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "өлгөн" деген статус ыйгарылат. Өлгөн субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.";
в) 7-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул берененин 1-бөлүгүнөн тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4025-VI "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2020 · № 4025-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы N 286-VII "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 02.06.2022 · № 286-VII
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон