# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20316/edition/1101021/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 27-январы № 34 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин акчалай күтүм жана акчалай үлүш менен камсыздоо системасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартибинде:

- 4-пунктундагы "квартал" деген сөз "жарым жыл/жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-главанын аталышындагы "кварталдын" деген сөз "мезгилдин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "кварталдагы" деген сөз "мезгилдеги (жарым жылдагы/жылдагы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу жарым жылда 1 жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жүргүзүлөт жана кызматкерге өз функциялык милдеттерин сапаттуу аткарууга, кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өзүнүн убактысын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүгө багытталган";

- 12-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "квартал" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 27-пунктунда:

1-пунктчасындагы "квартал" деген сөз "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын; 3-пунктчасындагы "кварталдык", ("квартал") деген сөздөр "жарым жылдык/жылдык", ("жарым жыл/жыл") деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-пунктчасындагы "кварталдын", "кварталына" деген сөздөр "отчеттук мезгилдин", "жарым жылда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 28-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындагы "квартал", "кварталда" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 31-пунктунун 3-пунктчасындагы "кварталга" деген сөз "жарым жылга/жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 33-пунктунун үчүнчү абзацындагы "кварталдан" деген сөз "отчеттук мезгилден" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

34-пунктунда: "квартал сайын," деген сөздөр алып салынсын; "кварталдан" деген сөз "мезгилден" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 36-пунктундагы "кварталдагы" деген сөз "мезгилдеги" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 41-пунктундагы "кварталдын" деген сөз "отчеттук мезгилдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 49-1-пунктунун экинчи абзацындагы "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылда 1 жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М. Д. Абылгазиев
