# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146 "Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146 "Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20314/edition/996448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146 "Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө" токтому (17.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157443

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-марты № 146 Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектелсин.

2. Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга төмөнкүлөр сунушталсын:

- убактылуу чектөө алып салынганга чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу;

- жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн;

- ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
