Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 марта 2020 года № 163 "О мерах по предотвращению угрозы возникновения и распространения коронавирусной инфекции (COVID-19) на территории Кыргызской Республики» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-03-17.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-марты № 146 Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектелсин.
2. Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга төмөнкүлөр сунушталсын:
- убактылуу чектөө алып салынганга чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу;
- жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасы 2021-2023-жылдаргаПрограмма · 04.03.2021 · № 5
- Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы №37 "Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.03.2020 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын…Постановление · 17.03.2020 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтомуПостановление · 17.03.2020 · № 163
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын…Постановление · 17.03.2020 · № 163 · Күчүн жоготкон