# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20297/edition/995124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157419

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 17-январы № 13 Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
