Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 17-январы № 13 Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө отчеттордун, имараттарды энергетикалык сертификаттоо, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча сертификатталган адистердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Имараттардын энергетикалык сертификаттарынын, буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо жөнүндө…Порядок · 17.01.2020 · № 13
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоонун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 токтомуна)Порядок · 17.01.2020 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 40-чуа "Кыргыз…Приказ · 17.04.2020 · № 40-нпа
Шилтеме берет (2)
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон