Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Балдар үчүн социалдык тейлөөнүн психоневрологиялык стационардык мекемелеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 184 "Об условиях оплаты труда работников системы социального обеспечения населения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 17-январы № 11 Балдар үчүн социалдык тейлөөнүн психоневрологиялык стационардык мекемелеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Балдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде окутууга жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө тийиш 50 же андан ашык бала болгон учурда медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү түзүлөт. Медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн медициналык персонал тарабынан тейленет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык…Постановление · 30.05.2019 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 19.04.2011 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 19.04.2011 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 236 "Социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык…Постановление · 30.05.2019 · № 236 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон