# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20295/edition/1110172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157417

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 13-январы № 5 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык) "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 11-пунктундагы "1502" жана "97" деген цифралар "1507" жана "102" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-январындагы № 8(3080) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
