# 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 "Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 "Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 744
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20286/edition/989245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 "Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому (31.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157404

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-декабры № 744 Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 19-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациядан чыгаруу тартибине коюлуучу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункту "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында:

- 34, 37-42, 46-49-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"45. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасын өндүрүштүк эксплуатациялоодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдун маалыматтык системасынын кибер коопсуздук окуяларына мониторинг жүргүзүү жана алардын жыйынтыгын информациялык технологиялар жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана (же) кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компьютердик инциденттерге чара көрүү кызматынын (бөлүмүнүн) кибер коопсуздукту камсыз кылууга мониторинг жүргүзүү системасына берүү камсыз кылынат.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-январындагы № 8 (3080) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
