Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-декабры № 716 Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдарды, шектүү жана айыпталуучу катары тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарды документтештирүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-январындагы № 3 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан…Приказ · 12.12.2025 · № 305
- Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын…Регламент · 27.12.2019 · № 716
- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаза өтөп жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду, ошондой эле пробация…Положение · 31.07.2024 · № 442
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 350
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 "Санариптештирүү, калкты каттоо жана документтештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.04.2025 · № 181
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон