Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 „Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 сентября 2023 года № 511 "Об утверждении Типового положения о государственных научных и научно-технических организациях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-декабры № 709 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий мекемелеринде башкаруу ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарынын жетекчилерин же башка илим-изилдөө мекемелеринин жетекчилерин кызмат ордуна бекитүү жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставына ылайык ишке ашырылат."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жободо:
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси кызмат ордуна ведомстволук таандыгына жараша мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар, 70 жаш курактан ашпаган адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет. Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындалбайт.";
- 16-пунктундагы "жетекчинин орун басарына же башка адамга" деген сөздөр "мамлекеттик илимий мекеменин жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Карамагында мамлекеттик илимий мекемелер болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Д. Абдылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылынын 26-июнундагы № 380 токтому менен бекитилген)Положение · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 "Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.09.2023 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 380 "Мамлекеттик илимий мекемелер жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.06.2013 · № 380 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон