# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20275/edition/1022868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (13.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157387

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 10-январы № 4 Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду регламенттөө боюнча саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70 жана 77-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, карап чыгуу, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
