# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 746
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20273/edition/1220916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-декабры № 746 Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги" бөлүмүндө:

бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги"; "Уруксат берүү үчүн негиз (ченемдик укуктук актынын аталышы)" графасынын 2 жана 3-пункттарындагы "Мыйзамы" деген сөздөн кийин ", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен толукталсын; "Аталышы" графасынын 3-пунктундагы "Жыштык" деген сөз "Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
