# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 "Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 "Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 747
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20271/edition/988159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 "Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157381

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 846 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-декабры № 747 Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды бекитүү жөнүндө "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар (мындан ары - Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер өздөрүнүн маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун уюштурууда ушул токтом менен бекитилген Талаптарды жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
