# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20254/edition/986990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу " токтому (29.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157359

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-октябры № 576 Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыздоо, авариялык абалдардын опурталын азайтуу, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында, ошондой эле "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө Инструкцияны бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
