# КР 2017-жылдын 4 декабрындагы № 656 "2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 4 декабрындагы № 656 "2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 656
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20249/edition/1059639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 4 декабрындагы № 656 "2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (04.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 206 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2017-жылдын 4 декабры № 656 2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө 2020-жылга статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) тийиштүү мамлекеттик статистика органдарына статистикалык жана административдик маалыматтарды Программада каралган мөөнөттөрдө беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 704 "2018-жылга Статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абдылгазиев
