# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 692
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20244/edition/985213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157347

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-декабры № 692 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын көрсөтүүнү тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 "Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын уюштуруу жана аларды көрсөтүү тартибинде:

- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализдин сеанстарынын саны саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча стандарттарга ылайык оорулуулардын ден соолугунун абалынын оордугуна жараша аныкталат.";

- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
