Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-декабры № 682 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 203-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 4-статьясы:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документи жок, качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүк качкын статусун аныктоонун жол-жоболорун андан ары жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына адамдын кирүүсүнө негиз болот.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Адамды качкын деп таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоодон төмөнкү учурларда баш тартылат:
- кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар болбогон шарттарда, эгер адамды качкын деп таанууга качкындар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте мурда баш тартылган болсо;
- эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн соттун күчүнө кирген өкүмү боюнча соттолсо;
- эгер адам мурда качкын статусун алган жана Кыргыз Республикасынан өзүнүн өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого ыктыярдуу чыгып кеткен болсо.";
4) 7-статьясынын 4-бөлүгүндөгү "ички иштер органдарында" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".
2-берене. Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-февралындагы № 3533-VI "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.02.2020 · № 3533-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-майындагы № 3717-VI "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 14.05.2020 · № 3717-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 3608-VI "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 05.03.2020 · № 3608-VI
Шилтеме берет (3)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон