# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 632
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20237/edition/985043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157338

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-ноябры № 632 Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 698 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы N 104 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
