# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 615
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20236/edition/1136914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157337

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык) КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-ноябры № 615 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 354-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту менен тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Иштин төмөнкү түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин:

1) жеке ишкердик иши 1-тиркемеге ылайык;

2) жеке эмгек иши 2-тиркемеге ылайык.";

- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 1 жана 2-тиркемелер менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабрындагы N 101 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

Begin\_nocompare

1-тиркеме

"1-тиркеме

Жеке ишкердик иши үчүн ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын БАЗАЛЫК СУММАСЫ

№

Иштин түрлөрүнүн аталышы

ЭИМК боюнча код

Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен)

1

Айыл чарба жаныбарларынан тышкары, үй жаныбарларын (иттерди, мышыктарды, канаттууларды, хомяктарды жана башка үй жаныбарларын) багуу жана сатуу

01.49.0

500

2

Автомобилдерге запастык бөлүктөрдү жана материалдарды (жаңы жана мурда пайдаланылган) сатуу:

а) соода аянты 50 кв. метрге чейин стационардык соода түйүндөрүндө

45.32.0

6000

б) базарлардан тышкары, күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагончолорду, лотокторду, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды жана башка убактылуу курулмаларды пайдалануу менен

4000

3

Пиротехникалык буюмдардан тышкары, башка товарларды соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилбеген дүкөндөрдө чекене сатуу

47.19.0

20000

4

Соода борборлорунда жайгашкан бутиктерде чекене сатуу, кабатына жана бутиктин же бөлүмдүн аянтына жараша (соода борборуна жараша),

20000

- анын ичинде:

47.19.0

10000

а) 1ден ашык эмес жалданма жумушчуну тартуу укугу менен уюлдук телефондорду, аларга запастык бөлүктөрдү жана деталдарды сатуу

б) кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдарды сатып алуу, оңдоо жана сатуу, бутиктин (бөлүмдүн) жалпы аянты:

95.25.0 47.77.0

- 6 кв. метрге чейин

3000

- 6дан 10 кв. метрге чейин

5000

- 10 кв. метрден жогору, ар бир кийинки 5 кв. метр үчүн

2000

5

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө жашылчаларды, жемиштерди, жер-жемиштерди, өсүмдүктөрдүн башка түрлөрүн накта же иштетилген түрүндө чекене сатуу

47.21.0

3000

6

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө төмөнкүлөрдү чекене сатуу:

- малдын этин

47.22.9

3600

канаттуулардын этин чийки же иштетилген түрүндө (алардан жасалган продуктуларды)

47.22.1

7

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө балыктарды (сүрсүтүлгөн, туздалган, жаңы кармалган) жана балык продуктуларын чекене сатуу

47.23.0

4000

8

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө төмөнкүлөрдү чекене сатуу:

- нан-булочка, ундан жасалган азыктарды;

- кондитердик азыктарды

47.24.0

4000

9

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө төмөнкү суусундуктарды чекене сатуу:

а) алкоголдук суусундуктарды

47.25.0

10000

б) алкоголсуз суусундуктарды

4000

10

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө тамеки буюмдарын чекене сатуу

47.26.0

4000

11

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө бал чарбачылык продукцияларын чекене сатуу

47.29.0

3000

12

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө кездемелерди жана кездеме полотнолорун чекене сатуу (соода борборлорундагы бутиктерден тышкары)

47.51.0

4000

13

Соода аянты 50 кв. метрге чейин стационардык соода түйүндөрүндө курулуш материалдарын чекене сатуу (цементтен башка)

47.52.0

20000

14

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө төмөнкүлөрдү чекене сатуу:

- килемдерди жана килем буюмдарын (соода борборлорундагы бутиктерден тышкары)

47.53.1

10000

- туш кагаздарды, полдун жабууларын

47.53.9

15

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө кеңсе товарларын чекене сатуу

47.62.0

5000

16

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө аңчылык кылууда жана балык улоодо колдонулуучу товарларды, инвентарларды жана шаймандарды (куралдан тышкары) чекене сатуу

47.64.0

2500

17

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө оюнчуктарды жана сувенирлерди чекене сатуу

47.65.0

4000

18

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө төмөнкүлөрдү чекене сатуу:

- тигүү буюмдарын

47.71.9

4000

- тор буюмдарын

47.71.1

- бут кийимдерди (соода борборлорундагы бутиктерден тышкары)

47.72.1

19

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө жууп-тазалоочу каражаттарды жана парфюмериялык-косметикалык буюмдарды чекене сатуу (соода борборлорундагы бутиктерден тышкары)

47.75.0

2500

20

Соода аянты 50 кв. метрге чейин адистештирилген дүкөндөрдө элдик-көркөм өнөр жай буюмдарын чекене сатуу

47.78.0

2000

21

Базарларда жана чакан базарларда цементтен жана пиротехникалык буюмдардан тышкары, төмөнкү товарларды чекене сатуу (базардын жана иштин түрүнө жараша):

а) азык-түлүк товарларын

47.81.0

15000

б) азык-түлүк эмес товарларды

47.82.0

22

Дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды чекене сатуу (цементтен, пиротехникалык буюмдардан тышкары):

а) күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагончолорду, чатырларды, боз үйлөрдү жана убактылуу темир конструкцияларды пайдалануу менен (аянтына жараша)

47.99.0

10000

б) лотокторду, текчелерди, сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды пайдалануу менен, автотранспорт каражаттарынан жана колго жасалган

5000

в) соода автоматтарын пайдалануу менен

3000

г) үйгө газ баллондорун, мүшөктөлгөн көмүрдү жана отундарды сатуу

1500

23

Эттен жана канаттуулардын этинен жасалган даяр эт тамактарын даярдоо жана сатуу (шишкебек, гриль)

56.10.0

1500

24

"Тез тамактануу" тарамынын (фаст-фуд) продукцияларын сатуу:

а) хот-дог, гамбургер (чизбургер), шаурма жана "тез тамактануу" тарамдарынын башка тамактары

56.10.0

10000

б) пирожки, самсы, манты жана чебурек

2000

25

Нанды, нан-булочка жана ундан жасалган көпкө сакталбаган кондитердик азыктарды жасоо:

а) 1 бышыруучу шкаф үчүн (өндүрүштүк кубаттуулугуна жараша)

10.71.0

10000

б) 1 тандыр үчүн

5000

26

Даяр текстиль буюмдарын тигүү (кийимден тышкары), анын ичинде автомобилдер үчүн жапкычтарды жана бут койгучтарды тигүү:

13.92.0

- 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына

2000

- 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдигине

1000

27

Мехтен жасалган кийимдерден тышкары, кийимдерди жана баш кийимдерди тигүү:

а) булгаарыдан жасалган кийимдер

14.11.0

б) жумушчу кийимдер

14.12.0

в) сырт кийимдер

14.13.0

г) ич кийимдер

14.14.0

д) баш кийимдер:

14.19.1

- 10 бирдикке чейинки негизги технологиялык жабдуунун санына

2000

- 10 бирдиктен жогору, негизги технологиялык жабдуунун ар бир кийинки 10 бирдигине

1000

28

Ат жабдыктарын-ээр буюмдарын чыгаруу

15.12.9

1000

29

Керамикалык, декоративдик буюмдарды жана чопо буюмдарын чыгаруу

23.41.0

1500

30

Үйдө кум блокторду, шлакоблокторду жана брусчаткаларды чыгаруу (1 станокко)

23.61.0

15000

31

Өзү жасаган кол өнөрчүлүк ишинин (элдик-көркөм өнөр жай) продуктуларын сатуу

47.89.0

800

32

Мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди жана коштоочу элементтерди жасоо, сатуу

23.70.0

2000

33

Калктан бодо малдын чийки сүтүн сатып алуу

46.33.0

2000

34

Үйдө менчик инкубаторлордун кызмат көрсөтүүлөрү

01.47.0

2000

35

Кызматтарды көрсөтүү:

а) мал союу боюнча

10.11.1

2000

б) малдын терилерин жана жүнүн даярдоо боюнча

10.11.9

5000

36

Төмөнкүлөрдүн иши:

- менчик тегирмендердин, эгин тазалагычтардын

10.61.2

2500

- май чыгаруучулардын

10.41.1

- күрүч актагычтардын

10.61.1

37

Төмөнкүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

5000

- кебезди тытуу

13.99.0

- жүндү тытуу

10.11.9

38

Жыгачты иштетүү, карагайларды жана ламинатты тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - 1 станок үчүн

16.10.0

1500

39

Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо:

45.20.1 45.20.9

а) автомобилдерди техникалык тейлөө жана май алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машиналык орун үчүн (көтөргүч, чуңкур)

3000

б) кузовдорду оңдоо жана транспорт каражаттарын сырдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

10000

в) дөңгөлөктөрдү балансировкалоону кошкондо, шиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

3000

г) автоэлектржабдууларын жана датчиктерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

2000

д) автомобилдин компьютердик системасын диагностоо жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

5000

40

Жерде жүрүүчү транспорттун иши:

а) 16 адамга чейин отуруучу орундугу бар чакан автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.31.0

2000

б) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

3000

в) 33 адамга чейин отуруучу орундугу бар автобуста жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

4000

г) жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (таксинин кызмат көрсөтүүлөрү)

49.32.0

1000

д) транспорт каражаттарында салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

49.39.0

4000

е) автотранспорт каражатын ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 автомашина үчүн):

- айдоочу менен

49.32.0

2000

- айдоочусуз

77.11.0

ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.41.0 49.42.0

2000

з) жүк көтөрүмдүүлүгү 8 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.41.0 49.42.0

4000

и) жүк көтөрүмдүүлүгү 8 тоннадан 15 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.41.0 49.42.0

6000

к) жүк көтөрүмдүүлүгү 15 тоннадан 25 тоннага чейинки транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

49.41.0 49.42.0

5000

л) жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан жогору транспорт каражаттарында жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

49.41.0 49.42.0

6000

м) айыл чарба техникаларынын (трактордун, комбайндын жана башка айыл чарба техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү:

- экипаж жана оператор менен

01.61.9

- операторсуз

77.31.0

2000

н) курулуш техникасынын (автокрандын, экскаватордун, автомиксердин, бульдозердун, цемент ташыгычтын жана башка курулуш техникаларынын) кызмат көрсөтүүлөрү:

- оператор менен

43.99

- операторсуз

77.32.0

8000

о) башка атайын техникалардын (эвакуаторлордун, ассенизаторлордун жана башка атайын техникалардын) кызмат көрсөтүүлөрү:

- айдоочу менен

49.41.0

- айдоочусуз

77.12.0

6000

41

Деңиз транспортунда (катерлерде, теплоходдордо, яхталарда) жүргүнчүлөрдү сейилдетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

50.10.0

50000

42

Сактоочу камералардын кызмат көрсөтүүлөрү

52.10.0

6000

43

10 койка-орунга чейинки мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү, жайгашкан жерине жараша (1 койка-орун үчүн)

55.90.0

4000

44

Коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү:

а) заводдордо, мамлекеттик мекемелерде, офистерде жана жогорку окуу жайларында кызматтарды көрсөтүшкөн ашканалардын жана буфеттердин кызмат көрсөтүүлөрү (1 стол үчүн)

56.29.0

1000

б) убактылуу түйүндөрдү пайдалануу менен (павильондор, боз үйлөр, бастырмалар жана башка убактылуу курулмалар):

- 4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн

56.10.0

1500

- 4төн жогору отуруучу оруну менен (тапчан) 1 стол үчүн

2000

в) мектептерде жайгашкан (ар бир 1000 окуучу үчүн)

56.29.0

4000

г) курорттук зоналарда жайгашкан жана курорттук сезондо иштегендер (4 отуруучу оруну менен 1 стол үчүн)

5000

45

Кызмат көрсөтүүлөр:

1500

- үн жазуу

59.20.0

- видео тартуу

59.11.0

46

Эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы техникалык жана программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр

62.09.0

2000

47

Менчик кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү:

а) турак аянтты батирге берүү (жайгашкан жерине жараша) - 1 бөлмө үчүн;

68.20.0

1500

б) турак эмес аянттын 1 объектиси үчүн (жайгашкан жерине жараша):

- 50 кв. метрге чейин

3000

- 50дон 100 кв. метрге чейин

5000

- 100дөн 200 кв. метрге чейин

8000

- 200дөн 300 кв. метрге чейин

10000

- 300дөн 500 кв. метрге чейин

15000

- 500 кв. метрден жогору

20000

48

Эс алуу жана спорт үчүн жаныбарларды жана товарларды прокатка берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, 1 бирдик үчүн:

77.21.0

- жылкылар жана башка жаныбарлар

5000

- суу мотоциклдери, катамарандар, кайыктар, парашюттар

25000

- лыжалар (сноуборддор), роликтер, конькилер, велосипеддер, эс алуу жана спорт үчүн башка товарлар

5000

49

Үйлөнүү үлпөт салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү

96.09.0

5000

50

Материалдарды компьютер жана ксерокөчүрмө менен иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (тексттерди терүү, басып чыгаруу, сканерлөө жана башка компьютердик кызмат көрсөтүүлөр)

82.19.0

1000

51

Салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (музыканттар, тамадалар, бий жана актердук топтор жана башка сценалык өнөр көрсөтүүлөр)

90.01.0

2500

52

Сүрөтчүлөрдүн иши, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу

90.03.0

1000

53

Спорт талааларынын кызмат көрсөтүүлөрү (футбол, баскетбол, волейбол, теннис), 1 талаа үчүн

93.11.0

10000

54

Аттракциондордун иши (1 аттракцион үчүн):

а) Бишкек шаарында

93.21.0

5000

б) курорттук зоналардын аймагында

50000

в) республиканын калган аймактарында

4000

55

Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

а) акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахматтар, нардалар жана башка стол үстүндөгү оюндар) 1 стол/такта үчүн

93.12.0

1000

б) убактылуу түйүндөрдү (павильондорду, боз үйлөрдү жана башка курулмаларды) пайдалануу менен караоке кызмат көрсөтүүлөрү (1 жабдуу үчүн)

93.29.0

2000

в) базарда лото оюндары

92

2000

г) оюн приставкаларынын кызмат көрсөтүүлөрү (1 приставка үчүн)

92

300

д) компьютердик оюндардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 компьютер үчүн)

92

500

Эскертүү:

- адистештирилбеген дүкөндөр - товарлардын кеңири ассортименти сатылуучу универсалдуу дүкөндөр. Мисалы, негизинен тамак-аш продуктуларын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын сатуу менен катар, ошондой эле кийимдер, эмерек, тиричилик электр товарлары, темирден жасалган майда-барат буюмдар, косметикалык товарлар ж.б.у.с. башка бир катар товарларды да сатышат;

- адистештирилген дүкөндөр - нан-булочка азыктары, суусундуктар, кийимдер, тиричилик электр товарлары, курулуш материалдары, косметикалык товарлар ж.б.у. сыяктуу бир өңчөй товарлар сатылуучу дүкөндөр.".

2-тиркеме

"2-тиркеме

Жеке эмгек иши үчүн ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы

№

Иштин түрлөрүнүн аталышы

ЭИМК боюнча код

Салыктын базалык суммасы (30 күнгө сом менен)

1

Металл жана металлдан жасалган буюмдар менен иштөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

а) ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр

25.62.0

1000

б) токардык буюмдарды жасоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

25.94.0

4000

в) үйдө каңылтырдан төмөнкү буюмдарды жасоо боюнча кызматтарды көрсөтүү:

- тосмолорду, бастырмаларды, калиткаларды

25.11.0

3000

- дарбазаларды

25.12.0

6000

- буу менен жылытуучу мештерди

25.21.0

2

Ачкычтарды жана кулпуларды жасоо жана оңдоо

25.72.0

500

3

Итти үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

96.09.0

500

4

Жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо

32.99.9

1000

5

Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

01.62.0

1500

6

Жеке издөөчүлөр тарабынан чачынды алтынды казып алуу

07.29.4

3000

7

Атайын медициналык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө

33.13.2

1000

8

Кайра пайдаланылуучу чийки затты алуу үчүн калдыктарды үйдөн кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

38.32.0

а) таштанды темир-тезектерди

10000

б) айнек идиштерди

500

в) жараксыз кагаздарды

1000

г) пластикалык (полиэтилендик) буюмдарды

5000

9

Жалпы курулуш иштери

41.20.0

5000

10

Электрмонтаждык иштер

43.21.0

5000

11

Санитардык-техникалык иштер

43.22.0

6000

12

Жыгач усталык иштер, анын ичинде эшиктерди, терезелерди (өзү жасабаган) орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

43.32.0

2500

13

Уюлдук байланыштын бирдиктерин жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр

61.20.0

500

14

Дизайнердик жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

74.10.0

15000

15

Фотография жаатындагы иш:

а) фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу

3000

б) фотосүрөттөрдү дароо, тез өңүнө чыгаруу жана басып чыгаруу менен сүрөткө тартуу

74.20.0

5000

в) кардарлар тарткан фотосүрөттөрдү жана негативдерден фотосүрөттөрдү өңүнө чыгаруу, басып чыгаруу жана чоңойтуу

3000

16

Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу):

- чет тилден которуу

74.30.0

2000

- кыргыз тилинен которуу

- сурдокотормочу

300

17

Эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү:

а) менеджерлер жана кеңешчилер

70.22.0

3500

б) консультанттар жана координаторлор

2500

в) адистер жана эксперттер

2000

г) административдик жана финансылык ассистенттер

69.20.0

1500

д) техникалык персонал (катчылар, айдоочулар, кароолчулар, вахтерлор, тазалоочулар)

81.10.0

1200

18

Жеке ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрү

75.00.0

3000

19

Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

52.29.0

2000

20

Билим берүү чөйрөсүндөгү иш:

а) чет тилдерге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспортту айдоого, бычууга, тигүүгө, түйүүгө жана иштин башка түрлөрүнө окутуу

85.59.0

2000

б) репетитордук жана тренингдер катарында сабактарды өткөрүү

600

21

Дарылык укалоо жана ийне терапиясы боюнча кызмат көрсөтүүлөр

86.90.0

5000

22

Компьютерлерди жана байланыш жабдууларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

а) компьютерлерди, ноутбуктарды, принтерлерди жана башка кеңселик жабдууларды

95.11.0

5000

б) телефондорду, уюлдук телефондорду, факстарды, байланыш үчүн модемдерди жана навигаторлорду

95.12.0

4000

23

Жеке пайдалануу предметтерин жана тиричилик товарларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:

а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVDни оңдоо боюнча

95.21.0

3000

б) кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу

95.29.0

2000

в) муздаткычтарды, микротолкундуу плиталарды, жуучу жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик товарларын оңдоо

95.22.0

1000

г) бут кийимдерди жана башка териден жасалган буюмдарды оңдоо

95.23.0

1000

д) эмеректи оңдоо жана реставрациялоо

95.24.0

3000

е) сааттарды жана зер буюмдарын оңдоо

95.25.0

1000

ж) жеке пайдалануудагы башка предметтерди (велосипеддерди, кийимдерди, мех, тигилген, тор жана галантереялык буюмдарды, китептерди, музыкалык аспаптарды, оюнчуктарды) оңдоо боюнча

95.29.0

1500

з) айнектерди кесүү

2000

24

Жеке тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү:

96.09.0

а) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү (1 орун үчүн)

200

б) кол араба менен жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

150

в) базарларда жана эл көп топтолгон башка жерлерде радио аркылуу жарыялоолорду берүү кызмат көрсөтүүлөрү

1000

г) телевизиондук антенналарды, видео байкоолорду орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

800

д) дюбель мыктарын атып киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

900

е) үй шартында кир жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

96.01.0

500

25

Гувернанттардын, бала багуучулардын, бакчылардын жана үй кызматчыларынын кызмат көрсөтүүлөрү

97.00.0

500

26

Укук жаатындагы иш

69.10

10000

27

Шайлоо кампанияларын жүргүзүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин атынан чыгуучу байкоочулар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адам катары иштерди аткаруучу жеке адамдардын кызмат көрсөтүүлөрү

94.92.0

700

28

Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү

88.99.0

300

". End\_nocompare
