# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 679 "2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 679 "2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 679
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20233/edition/1146122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 679 "2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому (16.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157334

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-декабры № 679 2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү - 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которулсун.

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнүн - 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-декабрындагы N 105 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
