# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 667
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20226/edition/984095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157325

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-декабры № 667 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды өркүндөтүү максатында, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуласы, 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Социалдык стационардык мекемелердеги жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборлорундагы адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга карата зарыл болгон талаптарды аныктоо максатында, "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарынын сакталышын камсыз кылышсын";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:

- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-бөлүмүндөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4.1-бөлүм менен толукталсын:

" Begin\_nocompare

4.1. Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү жууп-тазалоочу каражаттар жана жеке колдонулуучу санитардык-гигиеналык предметтер менен камсыздоо ченемдери

Жууп-тазалоочу каражаттардын жана жеке колдонулуучу санитардык-гигиеналык предметтердин аталышы

1 адамга чыгашалардын ченеми

Тиш пастасы

60 грамм (айына)

Тиш щеткасы

1 даана (3 айга)

Жалаякшымдар (памперстер)

90 даана (айына)

Аялдардын гигиеналык пакети

300 даана (жылына)

Атыр самын

14 даана (жылына)

Кир самын

12 даана (жылына)

Шампунь

90 грамм (айына)

End\_nocompare Эскертүү:

1. Бир унитазды же даараткананын жерге киргизилип орнотулган унитазын санитардык тазалоодо айына 2 кг дезинфекциялоочу (тазалоочу) каражат пайдаланылат.

2. Кир жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарды жууда күнүнө - 0,5 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарга 30 грамм синтетикалык жуугуч каражаттар (кир жуучу порошок) пайдаланылат.

3. Кир жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарды жууда күнүнө 0,3 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарга 30 грамм кальцинирленген сода чыгымдалат.

4. Идиш жууда айына 180 грамм идиш тазалоочу каражат пайдаланылат.

5. Бир унитазды же даараткананын жерге киргизилип орнотулган унитазын санитардык тазалоодо күнүнө 3 грамм хлор пайдаланылат.

6. Кирди жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарды дезинфекциялоодо күнүнө 3 кг кирге жана кездемелердин башка түрлөрүнөн буюмдарга күнүнө 2 грамм хлор пайдаланылат.";

- 5-бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

" Begin\_nocompare

5. Социалдык стационардык мекемелер жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлоруна тиешелүү физиологиялык тамак-аш ченемдери

№

Тамак-аш азыктарынын аталышы

Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер (грамм)

Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелер

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлору

Чоңдор (грамм)

Балдар (грамм)

Стационар (грамм)

1

Буудай наны

300

300

300

300

2

Кара буудай наны

200

200

200

200

3

Буудай уну

60

60

60

60

4

Акшак, макарондор

100

100

100

100

5

Картөшкө

400

500

500

400

6

Жашылча бардыгы, анын ичинде:

1070

1070

1070

1070

1) кызылча

110

110

110

110

2) сабиз

100

100

100

100

3) капуста

240

240

240

240

4) пияз

60

60

60

60

5) башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң ж.б.

560

560

560

560

7

Жаңы үзүлгөн жер-жемиштер

270

270

270

270

8

Кургатылган мөмөлөр

20

20

20

20

9

Ширелер (ар кандай)

100

100

100

100

10

Печенье

50

50

50

50

11

Чай

3

3

3

3

12

Эт

100

100

100

100

13

Сүт

200

200

200

200

14

Майсыз быштак

50

50

50

50

15

Томат пастасы

15

15

15

15

16

Жуулган май

20

20

20

20

17

Өсүмдүк майы

20

20

20

20

18

Каймак

15

15

15

15

19

Маргарин

10

10

10

10

20

Малдын майы

5

5

5

5

21

Сыр

10

10

10

10

22

Кант

60

60

60

60

23

Туз

6

6

6

6

24

Балык

100

100

100

100

25

Жумуртка (даана)

1

1

1

1

26

Конфеттер

50

50

50

50

27

Варенье

25

25

25

25

28

Майонез

10

10

10

10

29

Томат пастасы

10

10

10

10

30

Ачыткы\*

10

10

10

10

End\_nocompare Эскертүү:

- (\*) 8 кг унга - 0,020 грамм ачыткы;

- варенье кезектелип берилет (джем, повидло);

- эт менен жасалуучу тамактар кезектелип берилет (балык жана тоок эттери, сосиска жана колбаса);

- жай мезгилинде негизинен жаңы үзүлгөн жемиштер жана жашылчалар, кыш мезгилинде кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (компоттор үчүн);

- сүт азыктары кезектелип берилет (сүт, каймак, быштак, сыр);

- кондитердик азыктар кезектелип берилет (ватрушка, булочка, кекс).";

- 6 жана 7-бөлүмдөрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
