# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20224/edition/984097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157323

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-декабры № 670 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабынын бүткөрүлө элек иш-чараларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планында:

- "2019-ж." графасында:

5-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын; 8-пунктундагы "2,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын; 18-пункту "9,953" цифралары менен толукталсын; 20-пунктундагы "3,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын; 22-пункту "6,611" цифралары менен толукталсын; 24-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын; 25-пунктундагы "3,0" цифралары "5,777" цифралары менен алмаштырылсын; 27-пунктундагы "2,8" цифралары "0,3" цифралары менен алмаштырылсын; 28-пункту "5,454" цифралары менен толукталсын; 31-пунктундагы "9,5" цифралары "1,564" цифралары менен алмаштырылсын; 32-пунктундагы "5,5" цифралары "5,842" цифралары менен алмаштырылсын; 33-пунктундагы "9,0" цифралары "0,5" цифралары менен алмаштырылсын;

- 13 жана 14-пункттарындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "АЧТММ" аббревиатурасы "Суу агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
