# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 668
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20216/edition/1258919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157314

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-декабры № 668 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьясынын 8-пунктундагы "козголгон кылмыш иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 8-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 11-статьясынын 5-бөлүгүндөгү "козголгон кылмыш иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 40-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 72-беренесинин 1-пунктунун "к" пунктчасындагы "корутундуларды, козголгон жазык иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
