Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-декабры № 668 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьясынын 8-пунктундагы "козголгон кылмыш иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-статьясынын 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 11-статьясынын 5-бөлүгүндөгү "козголгон кылмыш иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 40-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 72-беренесинин 1-пунктунун "к" пунктчасындагы "корутундуларды, козголгон жазык иштери" деген сөздөр "жазык иштеринин сотко чейинки өндүрүш материалдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-мартындагы № 3628-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.03.2020 · № 3628-VI
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 17-июнундагы N 3887-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.06.2020 · № 3887-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 3951-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.06.2020 · № 3951-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 117 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон