# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 644
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20211/edition/983550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157308

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-ноябры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жайыттарды пайдалануу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы "2020" деген цифралар "2030" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:

"4-1. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу ушул участокту пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыт участокторун пайдаланууга укук алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайыттар менен жайыт инфраструктураларын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат. 4-2. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер участогу эсептик каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
