# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы N 521 токтому менен бекитилген "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын ондоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген ЭРЕЖЕСИ"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы N 521 токтому менен бекитилген "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын ондоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген ЭРЕЖЕСИ"
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-400/edition/1241018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы N 521 токтому менен бекитилген "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын ондоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген ЭРЕЖЕСИ" (11.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157307

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы N 521 токтому менен бекитилген

Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын ондоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген ЭРЕЖЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (мындан ары - ЖКККББ) бөлүмчөлөрү жол-транспорт кырсыгын (мындан ары - ЖТК) ЖКККББда талаптагыдай тариздегенден жана каттоого алгандан кийин автомототранспорт каражаттарынын (мындан ары - АМТК) ээлерине жол-транспорт кырсыгы болгон аймактан белгиленген үлгүдөгү маалым катты дароо берет (ушул Эреженин 1-тиркемеси).

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Менчигинин түрүнө карабастан техникалык тейлөө станциясы (мындан ары - ТТС), оңдоо мастерскойлору жана ЖТКдан улам кузову, анын айрым тетиктери бузулуп-талкаланган АТКнин ээлеринен ЖТК тууралуу белгиленген үлгүдөгү ЖКККББнин справкасын талап кылууга милдеттүү. АТКнин ээсинде белгиленген үлгүдөгү справка жок болсо ТТСтин юридикалык жактары жана жеке адамдары бул тууралуу дароо ЖКККББнин аймактык подразделениелерине билдирүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

3. АТКны оңдоп-түзөө, сырдоо иштерин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар ЖТКдан улам кузову, анын айрым тетиктери бузулуп-талкаланган жерлерди оңдоого кабыл алуучу "Авариялык автомоторанспортту эсепке алуу журналын" жазып-каттоого тийиш (ушул Эреженин 2-тиркемеси).

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

4. ЖКККББнин аймактык подразделениелери ТТС пункту жайгашкан жердеги бузулган транспорт каражаттарын оңдоочу жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарга "Авариялык автомоторанспортту эсепке алуу журналын" берет, ага номер коюлуп, көктөлүп жана ТТС пункту жайгашкан жердеги ЖКККББнин подразделениесинде катталышы керек.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Чет мамлекеттерден авариялык транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө ЖКККББнин аймактык подразделениеси транспорт каражатынын ээсине авариялык бузуктун бар экендигин ырастоочу берилген документке ылайык белгиленген үлгүдөгү справка берет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Автотранспорт каражатынын кузову тиричилик шарттарынан улам механикалык жактан талкаланып-бузулса (ТЖКдан тышкары) ЖКККББнин аймактык подразделениеси транспорт каражатынын ээсине белгиленген үлгүдөгү справка берет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

7. ЖТКдан улам кузову жана алардын айрым тетиктери бузулган транспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн жак ушул Эрежени бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелерине 1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ МААЛЫМКАТЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (берилген жери жана күнү)

Транспорт каражатынын маркасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Мамлекеттик номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өңү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Чыккан жылы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кузовунун номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кыймылдаткычынын номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Шассисинин номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Транспорт каражатынын ээсинин аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жашаган жеринин дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Транспорт каражатын башкаруучу адамдын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жашаган жеринин дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Транспорт каражатынын кузовунун тышкы авариялык бузулуусунун баяндалышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жол-транспорт кырсыгы болгон дата, убагы жана орду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде жана Кылмыштардын бирдиктүү реестринде жол-транспорт кырсыгынын каттоо номери: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ЖКККББнын бөлүмчөсүнүн аталышы, маалымкат берген кызматкердин кызматы, аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Эскертүү: бул маалымкат ушул авариялык транспорт каражатын оңдоп-калыбына келтирүү жана түздөп-сырдоо иштерине кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат жана берилген күндөн тартып бир айга чейин жарактуу.

М.О. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)

Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун тиркелген эрежесине 2 тиркеме

ЖКККББнин справкасы N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (берилген жери)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (берилген күнү)

ТН маркасы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мам. N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ өңү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чыккан жылы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кузов N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кыймылдаткыч N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шасси N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ТКнын ээсинин аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жашаган жеринин дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ТКны башкаруучу адамдын аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Жашаган жеринин дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ТКнын кузовунун тышкы авариялык бузулуп-талкаланышынын сүрөттөлүшү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ЖТК жасалган күнү, убагы жана орду: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ЖУИ, КУПта ЖТКнын каттоо N же администрациялык протоколдун каттоо маалыматтары \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ЖКККББ подразделениесинин аталышы, справка берген кызматкердин кызматы, аты-жөнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Эскертүү: бул справка авариялык транспорт каражатын оңдоп-калыбына келтирүү жана түздөп-сырдоо иштерине кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат жана берилген күндөн тартып бир айдын аралыгында жарактуу

П.О \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу) End\_nocompare
