# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 657
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20208/edition/1036454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157303

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 4-декабры № 657 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялануучу өндүрүш иштеринин түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү жана продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
