# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 633 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 633 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 633
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20195/edition/982944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 633 "2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (25.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157287

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-ноябры № 633 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында расмий тилде кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
