Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-ноябры № 633 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында расмий тилде кол коюлган 1999-жылдын 8-октябрындагы Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин ортосунда алынып өтүлүүчү товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2000 года №473 "Об утверждении Соглашения о порядке таможенного оформления и таможенного контроля товаров, перемещаемых между…Постановление · 07.08.2000 · № 473
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3472-VI "2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана…Постановление · 26.12.2019 · № 3472-VI