# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 631
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20187/edition/982868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (25.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157276

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-ноябры № 631 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
