# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 612 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 612 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 612
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20175/edition/981704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 612 "2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (19.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157262

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-ноябры № 612 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 1-июнунда Душанбе шаарында кол коюлган Электрондук жана электротехникалык жабдуулардын калдыктарын пайдалануу жаатында КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү мамлекеттик органдар катары төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине Кыргыз Республикасы тарабынан Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
