# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 599
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20161/edition/1259221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157246

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-ноябры № 599 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)

Жаштар саясатын, дене тарбия жана спорт тармагын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасында:

- 5-главасынын 40-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесинин 6-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 2-пунктунда:

3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын; 3-пунктчасынын "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин биргелешкен буйругу" деген сөздөр "Практикалык иш аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-2020-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунда:

2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын III кварталы" деген сөздөр "2022-жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын ичинде" деген сөздөр "Дайыма" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 13-пунктунун 1-пунктчасынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-жылдын IV кварталы" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларынын "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2018-2019-жылдар" жана "2019-жылдын ичинде" деген сөздөр "2019-2022-жылдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
