# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 597
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20159/edition/979910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (22.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157243

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-ноябры № 597 Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
