# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/157236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-20152/edition/979282/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/157236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/157236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-октябры № 588 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун белгилүү участокторунун ылдамдык режимин көбөйтүү жолу менен өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:

- 10.3-пунктунда:

экинчи абзацы "90 км/сааттан ашпайт" деген сөздөрдөн кийин ", ушул пункттун тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: "жеңил автомобилдер жол шарттары коопсуз кыймылды камсыздай турган жолдун өзүнчө участокторунда - 110 км/сааттан ашпайт (тиешелүү 3.24 белгисин орнотуу менен). Эскертүү: Тогузунчу абзацта каралган жол кыймылынын эң жогорку чектеги ылдамдыгын белгилөө жөнүндө чечим транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.".

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М. Абылгазиев
